Баканга чыгууC9%iniedi5pxskərqşsta
Мазмуну
- 1 Шарты
- 1.1 Оюнга даярдануу
- 1.2 Оюндун баяны
- 2 Оюндун эрежеси
- 3 Оюндун педагогикалык мааниси
- 4 Колдонулган адабияттар
Шарты[оңдоо | булагын оңдоо]
Оюнчулардын саны 2—5 киши.
Оюн спорттук аянтчада өткөрүлөт.
Оюнда бакан колдонулат.
Оюнга даярдануу[оңдоо | булагын оңдоо]
Оюнчулар баканды тургузушкандан кийин, оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.
Оюндун баяны[оңдоо | булагын оңдоо]
Оюнчулар кезектери келгенде, бирден баканга макулдашыш кан ыкма менен белгиленген жерге чейин чыгышып кайра түшүшөт. Оюн, оюнчулар каалаган убакытка чейин уланат. Баканга чыгуунун ыкмаларын жакшы аткарып чыгып кайра түшкөн оюнчу, оюндун жеңүүчүсү болот.
Оюндун эрежеси[оңдоо | булагын оңдоо]
Бир бирине тоскоолдук кылууга, бакандын астында турууга, оюндун кезегин бузууга болбойт.
Оюнга, методикалык көрсөтмө. Бакан тегерек сырты тегиз, түшчү жер башка буюмдарсыз болушу керек.
Оюндун педагогикалык мааниси[оңдоо | булагын оңдоо]
Оюнда күч, ийилчээктикке, чыдамкайлыкка тарбияланат, кайраттуулукка, максатка жетүүгө үйрөтөт.
Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]
- Х. Н. Анаркулов. Кыргыз эл оюндары. -Ф.: 1981, ISBN-10(13):5-65500669-3